Быйыл битир-садаганын өлчөмү кандай болот?

Орозо айындагы битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттан маалымат таратышып, 2022-жылга карата битир-садаганын баасын Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бекиткенин билдиришти.

Быйылкы жылы ар бир адамга 56 сомдон туура келет. Бул 1 килограмм 600 грамм буудайдын базар баасы. Муфтияттан баалардын туруксуздугуна байланыштуу битир-садаганы берген учурда 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууну эскертишти.