Өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 4,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы 1,2 пайызды түзгөн.
Баасы жогорулаган кызматтардын тизмеси:
Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө (6,7 пайызга);
Кызмат көрсөтүүлөрдүн турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө (5,9 пайызга);
Кийим тигүү кызматтарына (4,3 пайызга);
Жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча (3,8 пайызга);
Амбулатордук кызмат көрсөтүүсүндө (2,7 пайызга);
Маданий иш-чараларды уюштурууда (2,5 пайызга);
Чачтарач кызмат көрсөтүүлөрүндө (1,6 пайызга);
Транспорт кызматтары (1,5 пайызга);
Мейманкана тейлөөсүндө (1,5 пайызга) тарифтердин олуттуу өсүшү катталды.