Чанда кезикчү ооруга чалдыккан 8 жаштагы баланын апасы элге кайрылды

8 жаштагы Муслим аттуу бала гидроцефалия деген чанда кезигүүчү оору менен жабыркайт. «Баламдын башы 20 килограммдай чыгат, көлөмү чакан казандай. Учурда чет өлкөдө гана жасалчу операцияга муктажбыз. Чамабыз чектелүү болгону үчүн элден жардам сурайм» дейт баланын апасы.

Апасынын айтымында, түйүлдүк кезде дарыгерлер уулунда оору бар экенин айтышкан эмес, анын өөрчүшү начар экенин, башында суу бар экенин ал кош бойлуулуктун 9-айында төрөт бөлмөдө билген.

«Уулум сүйлөй алат, бирок көп сөздөргө тили келбейт. 100гө чейин орусча, кыргызча, 10го чейин англисче санайт. Операция жасатуу үчүн көп суммадагы акча талап кылынат. Мен кыргыз элиме кайрылат элем. Колуңуздардан келишинче жардам бергилечи. Мен да уулумдун башка балдардай чуркап, ойноп жүргөнүн каалайм. Операция Индияда 35 миң долларга жасалат экен. Түркияда балким арзан болобу деп жатам», — дейт апасы.