Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жоголуп жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эске салсак, 28-май күн саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар эки күндөн бери издөө иштерин жүргүзүп жатышкан.
Издөө иштерине Чаткал райондук №81 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, натыйжада аялдын сөөгүн Чаткал дарыянын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти.
31-августта Канаданын Квебек провинциясындагы кыргыз коомчулугу тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган символикалуу иш-чара уюштурулду. Майрамдык саамалык Ниагара шаркыратмасынын жээгинде...
Бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кайсы...
УКМК төрагасы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышып, андан соң бүтүрүүчү класска тарбиялык саат өткөн. Анда...
Чаткал районунда дайынсыз жоголгон эки жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. "Ушул жылдын 25-августта укук коргоо...