Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан 12 жаштагы кыргызстандык кыз курман болгону айтылган. BBC кыргыз кызматы 6-класста окуган Мадина Рахматжанованын кандай жагдайда каза тапканын жазды.
29-апрелде кечинде саат 7-8 чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алар менен чогуу Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси болуп качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.
«Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алпарышкан. Бирок аймактык оорукана алардын абалы оор экенин айтып, райондук ооруканага жөнөтүшүптүр. Тилекке каршы, 6-класстын окуучу кызы ооруканага жетпей каза болуп калды», — деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.
Мадинанын энеси райондук ооруканага жетери менен операция болду, бирок абалы дагы эле оор. Ошондуктан аны Бишкектеги ооруканага алып кетишкени айтылууда.