Бүгүн, 2-май таңкы убакытка карата чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү Лейлекте жеринде жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүүдө. Алардын ичинде Тажикстандан куткарылган 10 кыргызстандык да бар. Бүгүнкү күнү алардын ичинен 5 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу. Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер – Баткен облусунун Үй-бүлөлүк медициналык борборунун фельдшери Бурканали уулу Аширали. Ал 29-апрелде жабыркап түшкөн, диагнозу баш мээсинин чайкалуусу. Бүгүнкү күнү канааттандыраарлык абалда, амбулатордук дарыланууга чыкты.
Бишкек шаарындагы жана Баткен облусундагы жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында азыркы тапта дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.