Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан 3 жоокер каза тапты, 20 жоокер жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза тапкан жоокерлер Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын отрядынын аскерлери болгон. Мекеменин басма сөз кызматынан жаракат алган 20 жоокердин экөөсүнүн абалы оор экенин белгилеп, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтышты.
«Мурда маалымдалгандай, жаңжал тажик тараптан уюштурулду. 29-апрелде тажик аскерлери кыргыздардын чек ара бекеттерин аткылашты. Ошондой эле, «Ми-24» тик учагы менен абадан Баткен районунун Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылаган», — деп айтылат УКМКнын Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Кечээ, 29-апрелде тажиктер саат 17:00 чамасында Кыргызстандын «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара бекеттерине, ошондой эле «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок чыгарган. Миномет менен аткылоонун кесепетинен Баткен чек ара отрядынын «Достук» чек ара заставасынын имараты өрттөнүп кеткен. Буга жооп катары УКМК атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын күчү менен Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара бекетин басып алган.