УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 24-августта саат 12:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталганын маалымдады:
— “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында — 379 унаа;
— «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында — 73 унаа;
— «Кең-Булуң-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында — 89 унаа;
— «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында — 73 унаа.
Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.