Abank_june
SerepTV Logo

Депутат Жумабеков: "Таласта сууга агып кеткен окуучуну издөөгө аскерлер тартылышын өтүнөм"

Депутат Жумабеков: "Таласта сууга агып кеткен окуучуну издөөгө аскерлер тартылышын өтүнөм"
Бүгүн, 25-июнда депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында Талас районуна караштуу Чоң-Токой айылында орун алган кайгылуу окуя боюнча маселе көтөрдү.

"Эки күн мурун Талас дарыясында суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тилекке каршы, 8-класстын окуучусу сууга агып кеткен. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундар, куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар биргеликте аракет көрүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана укук коргоо органдары тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Бирок издөө иштерин күчөтүү максатында чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин дагы тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндүм. Бул оор учурда ата-энесинин жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, баланын сөөгүн таап, үй-бүлөсүнө өткөрүп берүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалышы керек деп эсептейм. Тиешелүү мамлекеттик органдардан бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, издөө иштерин күчөтүүнү сурандым", - деди ал.