Abank
SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Тажик тарап жай тургундарды тирүү калкан иретинде колдонуп жатат"

Чек ара кызматы: "Тажик тарап жай тургундарды тирүү калкан иретинде колдонуп жатат"

Кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап бир гана оор техниканы эмес, чек арадагы райондун калкын да колдонуп жатышат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматта, тажик тараптын жай тургундарды тирүү калкан иретинде колдонуп жатканы да айтылат.  "Тажик тарапта белгисиз формачан жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандыктыгы боюнча айырмачылык белгиси жок адамдар катышууда",- деп айтылат маалыматта.