УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап колдонуп жаткан аскердик техниканын видеосун УКМК таратты.
Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде айыгышкан куралдуу кагылышуу уланууда. Тажик тарап оор брондолгон техника, ракеталык система жана авиация колдонууда. Кыргыз аскер кызматкерлери жерден жана абадан бардык чабуулдардын мизин кайтарып, Кыргызстан калк жайгашкан пункттарын басып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат.










