Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Тамдык» чек ара тозотун артиллериядан аткылап, үстөмдүк кылуучу күчтөр менен заставага чабуул жасаган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берип, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген. Массалык аткылоонун натыйжасына “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган. Учурдан пайдаланып тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.
Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган. Азыркы учурда чек ара заставанын аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө болуп, алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды такай көзөмөлдөп турушат.