30-апрель саат 7:50гө карата расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктардын 13кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, жаракат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда.
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган. Тажик тараптан 10го жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган.