2022-жылдын сентябрь айындагы чек арадагы окуяда каза болгон жоокер Арыстаналы уулу Асатбектин ысымы Көк-Серек айыл аймагынын Теңги айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды.
Арыстаналы уулу Асатбек атындагы көчөнүн ачылуу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, 2030 аскер бөлүгүнүн командири, айыл өкмөт башчысы, Көк-Серек чек ара заставасынын жоокерлери, жергиликтүү тургундар жана маркумдун жакын туугандары, классташтары катышты. Иш-чарада Арыстаналы уулу Асатбектин өмүр баяны, көрсөткөнкөн эрдиги окулуп, жетекчилер жана ата-энеси тарабынан эскерүү сөздөрү айтылды.