Чек арадагы чыр боюнча Кыргызстан менен Тажикстан жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 28-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жетектөөдө. Делегациянын курамына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын директору жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди. Тажик тараптан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун төрагасы, Чек ара кызматынын колбашчысы жана УКМКнын төрагасынын орун басары, ошондой эле башка расмий адамдар кирди. Тараптардын делегациясынын курамына Баткен облусунун жана Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери да кирди.

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

1. Тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштуруу боюнча биргелешкен комиссияга тапшырма берүү;
2. Жаңжалдын башталышы менен үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылуу;
3. Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарып кетүүгө;
4. Бардык жолдорду тосууну, бузулган инфраструктураны жана электр чубалгыларын (электр линияларын) калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

5. Тараптардын бийлик органдары чек ара, суу-жер жана башка чыр-чатактарды мындан ары болтурбоо максатында чек ара зонасында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу.