Чек арадагы жаңдалдан жаракат алгандардын саны 163кө жетти. Алардын 49у Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү брифиннг учурунда билдирди.
Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан бейтаптардын үчөөнүн абалы өзгөчө оор деп бааланууда. Калган жабырлануучулар Баткен шаарындагы жана райондордогу жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген.
Каза болгондордун саны 31.