30-апрелге караган түндө кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркагандардын саны 84 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Алардын ичинен үчөө өлүм менен аяктаган: эки киши Баткендеги облустук ооруканада каза тапса, Лейлектеги ооруканада 12 жашар кыз көз жумган. Калган 81 жаран облустагы ооруканаларда.








