Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кыргызстандык 3 адам каза тапты, анын бири өспүрүм кыз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев «Акипресске» билдирди.
Анын айтымында, эки киши Баткендеги облустук ооруканада каза тапты. Ал эми Лейлекте 2008-жылы төрөлгөн кыз көз жумду.
«Бардыгы болуп, ооруканага 51 жабырлануучу түштү. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ош менен Бишкектен дарыгерлер келди, кошумча орундар даярдалууда. Зарыл болсо, жабырлануучуларды Бишкекке жөнөтөбүз», — деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен саат 24:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын натыйжасында жабыркагандардын жалпы саны 84 адамга жеткенин билдиришти. Жалпы каза болгондор – 3 адам. Эки киши Баткен облустук ооруканасында кайтыш болуп, бир өлүм Баткен облусунун Лейлек районунда катталып, анда кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду.










