Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын баса белгиледи. Садыр Жапаров буга чейин «Айкөл» ден соолукту чыңдоо борборундагы шарттарды жакшыртуу бюджеттин тартыштыгынан улам ишке ашпай келгенин белгиледи. 1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты эксплуатациялоого жараксыз деп табылган. Мамлекет башчысы 2022-жылдын август айында тиешелүү инфратүзүмү бар 240 орундуу балдар лагерин куруу тапшырмасы берилгенин эске салды.
ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады
Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...










