«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун кабыл алынышы. Канада, Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШнын элчиликтери билдирүү жасады

Жогорку Кеңеш “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды. 66 депутат макул, бешөө каршы добуш берди. Мындан улам Евробиримдиктин делегациясы менен Канаданын, Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана АКШнын элчиликтери биргелешкен билдирүү жасашты.

«Бишкек – “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга – жалпысынан “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” деген наам менен белгилүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорунун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышына байланыштуу тынчсыздануубузду билдиребиз.

“Чет элдик өкүлдөр” боюнча мыйзам долбоорундагы жоболор коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) эркин иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат, эл аралык нормаларга каршы келет жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен тургундарынын жашоосун жакшыртуучу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүзгө коркунуч туудурат. Мыйзамга азыркы түрүндө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарга таянган калктын аялуу катмарына зыян келтирилиши мүмкүн.

Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес – алар демократиялык, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргыз Республикасын куруудагы алмаштырылгыс өнөктөштөр. Биз президент Жапаровду өлкө ичиндеги жана өлкө сыртындагы билдирилген тынчсызданууларга кулак төшөп, Жогорку Кеңештеги аткаминерлер менен бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырабыз»,— деп айтылат маалыматта.