Чет өлкөгө чыгуу үчүн эки менчик лабораторияга да ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди

Кыргыз өлкөсүнөн чет мамлекеттерге чыгуу үчүн коронавирус илдетине текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп келет. Алар — Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө №535 дарегиндеги вирусологиялык улуттук референс-лаборатория, экинчиси — Ош шаарындагы Байтемиров №53 дарегиндеги вирусологиялык лаборатория. Лабораторияда Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЦР-тест менен жүргүзүлөт. Аталган лабораторияларда анализ тапшыруунун баасы 1574 сомду түзүп, жыйынтыгы кыргыз, орус жана англис тилинде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бирок бул лабораторияларда ооруканаларда дарыланып жатып коронавируска шектелип текшерилген бейтаптарга артыкчылык берилет. Алар акысыз жана чет өлкөгө кетүү үчүн анализ бергендерден биринчи текшерилет.

Мамлекеттик лабораторияларда чет өлкөгө чыгуу үчүн анализ тапшыргандарга кызмат көрсөтүүгө жетишпей жаткандыктан министрлик  анализ алууну каалаган менчик лабораторияларга тийиштүү эрежелер менен аккредитациядан өтүүгө кайрылган. Ошентип «Аква», «Бонецкий», «Гемотест» жана «Интермедикал» лабораторияларына коронавирустун анализин алууга уруксат берилди. Бирок учурда алардын экөө гана иштеп жатат. Менчик лабораторияларда анализ тапшыруунун баасы — 2500 сом.