Abank july
SerepTV Logo

Куралдуу күчтөр артка кайтарылат, көчүрүлгөн тургундар үйүнө кайтышат. Ташиев менен Ятимовдун сүйлөшүүсү аяктады

Куралдуу күчтөр артка кайтарылат, көчүрүлгөн тургундар үйүнө кайтышат. Ташиев менен Ятимовдун сүйлөшүүсү аяктады
Бүгүн, 5-июнда саат 13:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады. Экөө кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу зонасында көрүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин журналисттерге айткандай, 8 пункттан турган протоколго эки тарап кол коюшту. Анын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланары билдирилди. Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашып, кечээ, 4-июнда Чоң-Алай районунда эвакуацияланган жарандар үйүнө кайтышаары айтылды. [video width="426" height="240" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/195266640_4419909471376117_7945695848680385490_n.mp4"][/video]  
Unknown Author