19-июль күнү Чүй облусундагы Москва районунда жайгашкан Кош-Дөбө айылындагы Чоң Чүй каналына 2016-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
20-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 9 куткаруучу, ИИМден 45 кызматкер, туугандарынан 9 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. 21-июль күнү улантылат.