5-июнь күнү социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтын негизинде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокен районуна караштуу Арал айылынын тургуну тарабынан жапайы жаныбар — сойлоп жүрүүчү чоң кескелдирик (варан) ички каналдын жээгинен кармалганы тастыкталган.
Аталган жаныбар Кыргыз Республикасынын аймагында коргоого алынган жана өз алдынча кармоого тыюу салынган жапайы жаныбарлардын катарына кирет. Бул аракет Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 261-1-беренесине ылайык мыйзам бузуу катары бааланып, жаранга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынды.








