Бул ирет биз интернетте “Шаурма бериңизчи”, “Долларым бар” деген жүрөк элжиреткен видеолору менен көпчүлүктүн көзүнө илинип жаткан 4 жаштагы Ариман Кожалиев менен тааныштырабыз. Ал бул видеодо алып баруучуну зээндүүлүгү, тапкычтыгы менен бирде күлдүрүп, бирде таң калтырып жатты.
«Мен чоңойгондо апамды багам. Атам менен атамды ажылыкка алып барам», — деди ал.
Ариман менен бирге видео тартып жүргөн Нурболот Мырзабеков акыркы 1 айда жарнамалар көбөйгөнүн айтты. «Мен видеону тарттым, киргиздим. Эртеси турсам 1 миллион кароо болуптур. Мен Аримандын кайда жашарын да билчү эмесмин. 2-3 күндө кайра келди. Кадимкидей сүйүндүм. Анан Ариман ооруп калды. Мен көз тийдиби деп ойлодум. 1 жумадан кийин айыгып, апасы тартууга уруксат берди», — деди ал.