«Чөп ташыйлы десек, унаа барбайт». Нарында жааган кардан койлор өлүп жатканы маалымдалды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарындын тургуну кайрылып, Ат-Башыда кар жаап, сууктан жана жуттан койлор өлүп жатканын айтты.

«Койлорду кыркып, 1-майга калтырбай, жайлоого жибергенбиз. 2-майдан бери кар жаап жатат. Малчылар менен байланыша албай, эл колдон келишинче чөп жеткирүүдө. Жайлоого унаа да жетпей, жолго чыккандар түнү кайра келишти», — деди тургун.

ӨКМ маалымат таратып, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну менен уюлдук телефон аркылуу байланышканда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдиргенин жазышты.

«Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды. Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайтышкан. Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган. Белгилей кетсек, боло турган кырдаал тууралуу алдын ала мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына шашылыш билдирүү берилип, эскертүүлөр берилген», — дешти.