Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынан өткөн Чу дарыясына 35 жаштагы киши түшүп кетип, изделип жатканын билдирген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жарандын жубайы менен байланышканыбызда издөөгө көмөк керек болуп жатканын айтты.
Жубайы кайдыгер карабаган адамдарды издөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырды. «Бизге дрон, кайык керек болуп жатат. Бир эле кайык менен издөө иштери жүрүп жатат. Издөө иштерине жарандар жардам берсе жакшы болот эле»,- деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар +996 703 24 16 32 номуруна чалса болот.