Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Иш-чара гимндин коштоосунда Чуңкурчак капчыгайында өлкөнүн желегин көтөрүү менен башталды.
Президент Садыр Жапаров 31 метр бийиктиктеги желектин жанында элге кайрылуу жасады.