Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бүгүн, 20-майда ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мезгилинде өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы жана эч себепсиз кызматка чыкпай койгондугу үчүн, ИИМдин буйругу менен Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду.