Бишкек шаарында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.
17-ноябрга караган түнү саат 02:30да Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде түтүк
жарылган. Ишкананын кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып, ыкчам сууну токтотуп, жарактан чыккан түтүктү оңдоо иштерин баштады. Бул иштер шаар тургундарынын үйлөрүн жылуулукту өчүрбөстөн аткарылды. Бузулган түтүк бөлүгү алмаштырылып, учурда адистер жолдун асфальт төшөмөсүн калыбына келтирип, жаңы асфальт төшөп бүтүштү, эми жол ачууга даярдалууда.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы жылуулук тармактарынын эскириши болжол менен 80% түзөт. Ушул себептен улам, быйыл Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду оңдоо учурунда бардык коммуникацияларды алмаштырууда. Шаардык муниципалитет тургундарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн чоң аракеттерди көрүүдө.