Чүйдө дайынсыз болуп жаткан өспүрүм эки айдан кийин компьютердик клубдан табылды

Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү үйүнө кайтарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

23-март күнү Рухий Мурас-2 жаңы конушунун тургуну 2008-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон өспүрүм 24-майда түнкү саат 03:00дө Бишкеке шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.