Чүйдөгү Шалта айылына көчүп келгендерден акча чогултушкан. Алар УКМКга кайрылышкан

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын айрым тургундарына түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин Шалта айылынын тургундары социалдык түйүндөр аркылуу УКМКнын жетекчилигине башка аймактардан көчүп келген тургундардан жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болуп жаткандыгы жөнүндө айтып, кайрылышкан.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, чынында эле аталган айылдын айрым активисттери трансформаторду оңдоо шылтоосу менен башка аймактардан көчүп келген тургундардан акча чогултууга аракет кылгандыгы аныкталган. Ошону менен бирге Шалта айылынын айрым тургундары менен тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар мыйзамсыз аракеттерин мындан ары токтотууга милдеттендирилди, мыйзамсыз аракеттерин мойнуна алуу боюнча жазуу жүзүндөгү видео кайрылуу менен кошо алынган.