Чүйдүн айылдарынын биринде чаң сапырган куюндун видеосу тарады

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында кечээ, 18-июнда жүргөн куюндун видеосу соцтармактарга тарады. Видеодон куюндун жер бетине чейин жеткени көрүнөт.

Маалыматтарга караганда, куюн РИИБ имаратынын жанында тартылган жана андан жабыркагандар жок.

Маалымат үчүн: куюн чагылгандуу булуттарда пайда болуп, кара булуттар пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй тарайт. Көпчүлүк учурда жер бетине чейин жетет. Диаметри ондогон жана жүздөгөн метр болот. Куюн көпкө созулбайт.