«Чындык мен тарапта». Мелис Аспеков бошотулганы боюнча үн катты

Жарандык активист Мелис Аспеков бошотулганын ЖАКтан билдиришкенАспеков 2022-жылдын февраль айында 7 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Бишкек шаардык сотунун чечими менен анын жаза мөөнөтү 6 жыл болуп кыскартылган. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 9-январынын башталган. Президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулду.

Аспеков социалдык тармактагы баракчасында өзүнүн бошотулушу тууралуу үн катты. «Эптеп бошодук, ден соолукка байланыштуу авабыз ырайымдуулук бергени чын. Жашоо кызык экен… Дашковдон каражат алмак турсун, суроого да ой келген эмес, каалаган жерден далилдеп берем. Убакыт албетте чындыкты, акыйкаттыкты орнотот деп ишенем. Бириңер бетиме бир нерсе айта албайсыңар, бир тыйын мамлекетке залака тийгизген эмесмин. Кандай болбосун, чындык мен тарапта. Биздин сот мени актабаса, тарых сөзсүз мени актайт. Көп нерсе али алдыда», — деп жазды ал.