Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, SinoPharm вакцинасын алгандардын айрымдарында гана 1-2-күнү төмөнкүдөй белгилер байкалган: баш оору, дене табынын жогорулашы, ийне сайган жердин ооруусу, алсыроо, баш айлануу (жеңил), чыйрыгуу, кускусу келүү, кан басымы жогорулоо, тамактын ооруусу.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн. Учурда өлкөдө 10 миңден ашуун жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.