Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 13 миң 552 адам эмдөө алды», — деп билдиришти министрликтен.
Сутка ичинде эмдөө алган адамдар:
- Бишкек — 217;
- Ош шаары — 134;
- Чүй облусу – 166;
- Ош облусу — 202;
- Талас облусу — 64;
- Нарын облусу — 30;
- Ысык-Көл облусу – 169;
- Жалал-Абад облусу – 220;
- Баткен облусу — 155.
Буга чейин Кытай Кыргызстанга 150 миң доза «Синофарм» вакцинасын берген. Ал 75 миң адамды эмдөөгө жетет. Бүгүн болсо, Орусиядан 20 миң доза «Спутник V» вакцинасы келди.