Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иштери 29-мартта башталган. 5-апрелге чейин жалпы 644 адам эмделгенин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Эмделген жарандар:
- Бишкек шаарында 214 адам;
- Ош шаарында 258 адам;
- Чүй облусунда 109 адам;
- Ысык-Көл облусунда 43 адам;
- Ош облусунда 20 адам.
Ыктыярдуу эмдөө үчүн Кытайдын «Синофарм» дарысы пайдаланылып жатат.








