Кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгону айтылууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Бахтияр Шакировдун көз жумганын тастыктаганы менен анын эмнеден улам каза болгондугу тууралуу маалымат бере элек.
Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку басма сөз катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, анда Шакировдун өлүмүнө ал мындан бир күн мурун алган коронавируска каршы вакцина себеп болушу мүмкүн экенин айтты. «39 жаштагы маркум Бахтияр Шакиров жакында эле SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө отчет бериши керек. Ал эми өлкөнүн дарыгерлери бул фактыны эске алып, эмдөөдөн өтүү үчүн жарандарды кылдаттык менен текшерип чыгышы зарыл. Мүмкүн болгон реакциялардан жана кыйынчылыктардан жаңы жоготууларды болтурбоо үчүн», — деп жазган Елена Баялинова.
Деген менен учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.











