Abank_oct
SerepTV Logo

Чүй проспектисинин бир бөлүгү жаңыланды: негизги калыбына келтирүү иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин бир бөлүгү жаңыланды: негизги калыбына келтирүү иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды
 
Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Проспектини калыбына келтирүүнүн алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлүп, жол жээктериндеги бордюрлар алмаштырылды. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.

Буга чейин Чүй проспектисинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган иштер диаметри 2Ду 1000 мм, узундугу 1080 метр болгон жылуулук тармагында аткарылган. Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилди. Бул тилке 1989-жылы пайдаланууга берилип, нормативдик кызмат өтөө мөөнөтү 25 жыл болгонуна карабастан, 37 жыл бою эксплуатацияланган. Ушуга байланыштуу жылуулук тармагын жаңылоо зарылдыгы келип чыккан. Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырат.
SEREP MEDIA