№56 мектеп 10 күндүн ичинде бул маселе боюнча эч кандай билим берүү органдарына билдирүү жасаган эмес. Бул үчүн мектептин директору менен башкы мугалимине сөгүш жарыяланды. Мындай билдирүүнү Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында окуучу кыздардын дааратканада мушташышы боюнча айтты.
Анын айтымында, окуучу кыздарды сабаган кыз аралыктан окууга өткөн. Аны менен психологдор иш алып барышкан. «Октябрь прокуратурасынан окуу жайдын администрациясынын жумуштан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш киргиздик. Бирок кызматкерибизди 2 жолу жазалай албайбыз, буга чейин сөгүш жарыяланган. Ошондуктан окуу жылынын аягында директор менен завуч кызматтан кетүүгө макул болушкан», — деди Лосникова.
28-апрелде социалдык тармакта дааратканада эки кыз мушташып жаткандагы видео тараган. Ага чейин да бир видео тараган. Анда кызды сабап жатканы тартылган. Милиция №56 мектептин директору жана башкы мугалими жазага тартылып, кыздын апасына 1000 сом айып салынганын кабарлаган. Ал 6 айга профилактикалык эсепке алынып, эки жумалык онлайн окутууга которулган, үй-бүлө менен жекече иштөө программасы түзүлгөн.










