Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда дагы 162 адамдан COVID-19 тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар:
— Бишкек шаарында 112;
— Чүй облусунда 39;
— Ысык-Көлдө 7;
— Ош шаарында 1;
— Ош облусунда 1;
— Баткенде 1;
— Жалал-Абадда 1.
Акыркы суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 88 миң 700 адам COVID-19 диагнозу менен катталса, 1500 бейтап каза болду.