Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Кыргызстанда эмне тамак жасаганын көрсөттү (видео)

Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келген. Ал социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстанда жасаган тамагы менен бөлүштү.

Буга чейин анын кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен 18-19-март күндөрү Кыргызстанга биринчи жолу келери маалым болгон. Ал кайрымдуулук фонд жыл сайын уюштурган “Рамазан чатыры” коомдук-кайрымдуулук долбооруна катышууга келген.