Дайыр Исмадияровдун алдына уулун алып, унаа айдаткан видеосу талкууда. Ырчы мырза эмне дейт?

Ырчы Дайыр Исмадияров социалдык тармактагы баракчаларына уулун алдына отургузуп, унаа айдаткан видеосун жарыялаган. Жергиликтүү ЖМКлар бул жол эрежесин бузуу экенин жазышып, Кайгуул кызматына кайрылып, комментарий сурашууда. Бул боюнча ырчы мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кыргызстанда менден башка жаңылык жокпу? Журналисттер башка бир көйгөйлүү маселени иликтешсе болмок. Ал эми бул видео айылдагы көчөдө тартылган. Уулум рулду талашканынан 10 метрдей эле айдаткам. Бул айылдын ичиндеги жолдордун бири. Ал эми жол эрежесин бузган үчүн очойто эле айып пул төлөп жатабыз. Бул видео үчүн да айыпка жыгылсам, төлөйм», — деди ал.