Жаңы Баш мыйзам үчүн анын демилгечилери эл алдында жооп берип калат. Бул туурасында депутат Дастан Бекешев бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди.
Бүгүн эл өкүлдөрү Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумду дайындоону биринчи окууда карап жатышат.
Дастан Бекешев баяндамачы катары чыккан Бактыбек Турусбековдон мыйзам долбоорунун автору ким экенин тактап сурады. Турусбеков авторлордун саны 80ден ашуун экенин, алардын атын азыр айтпай турганын, тизмесин аппарат таратып берерин билдирди.
“Эмне атыңарды ачык айткандан коркуп жатасыңарбы? Бул жөнөкөй мыйзам эмес. Эмне үчүн жарлык менен бекитилген кайдагы бир Конституциялык кеңешме Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе алат да, мыйзам чыгаруу функциясына ээ бүтүндөй парламент бир үтүрдү да алып кое албайт? Силер демилгелеп жаткан долбоор менен элге жаман кылып жатасыңар. Сөз эркиндигин чектеп жатасыңар, сотторду көз каранды кылып жатасыңар! Элди алдап жатасыңар! Мыйзам долбоорунда президентте эч кандай жеке жоопкерчилик жок. Эртең президент оор кылмыш кылса, аны кантип кетиребиз? Төңкөрүш менен гана кетирүү каралган. Бул Конституция биздин эл үчүн кайгы-капа алып келет, көрөсүңөр. Бул үчүн эл алдында жооп бересиңер”,- деди Бекешев.
Башка депутат Карамат Орозова Баш мыйзамдын жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу карапайым калктын маалыматы жок экенин айтып, “жок дегенде 6 ай коомдук талкууга чыгарыш керек болчу” деп билдирди.
Буга жооп катары демилгечилер мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрынан бери Жогорку Кеңештин сайтында илинип турганын айтышты