Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн Бостери айылында тартылган видео менен бөлүшүп, парашют менен учуп бараткан жигит аттракционго илинип калганын жазып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча маалымат берип, бир эмес эки жигит илинип калганын билдирди.
“Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги каруселге 2009-жылы туулган жана учурда аты-жөнү такталып жаткан жаран парашют менен илинип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн. Аталган жарандардын ден соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу”,- дешти.