«Дене тарбия мугалими намаз окуйт экен». Сузактагы райондук билим берүү башчы бүтүрүүчүнүн сөзүнө комментарий берди

Кечээ, 16-июнда социалдык тармактарга Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган бүтүрүүчүнүн видеосу жарыяланган болчу. Ал видеодо мектепте окуш керек болгону үчүн жүргөнүн айтып, айрым мугалимдерден спирт жыттанарын айткан. Бул видео коомчулукта талкуу жаратты.

Кийинчерээк видео Сузак районундагы Благовещенка айылынын Гайдар атындагы мектепте тартылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Сузак райондук билим берүү башчысы Тынычбек Үсөнов окуучу тууралуу маалымат берип, видеодо айтылгандарга комментарий берди.

«Бул окуучу 4-январда Жалал-Абад шаарындагы мектептен окуп жатат деген маалымкат алып келип, Гайдар атындагы мектептен документтерин алып кеткен экен. 11-январда которулганы тууралуу директордун буйругу турат. Демек, 5 айдан бери бул мектепте окубайт экен. Ал Акыркы коңгуроого келип, микрофон алып, ушунун баарын айтыптыр. Чет тил мугалими жөнүндө айтып жатат. Бул окуучу окуп жүргөндө чет тил сабагына кирчү эмес экен. Чет тилди көп калтырыптыр. Ал эми дене тарбия мугалими 5 маал намаз окуйт экен. Директор айтып жатат бул бала айтып бүткөн соң пранк деген экен. Бирок ал видеого кирбей калган»,- деди.

Бүгүн, 17-июнда окуучу видеокайрылуу жасап, анын айткандарынын баары пранк экенин билдирди.