Депутат Бакытбек Жетигеновдун тарапташтары митингге чыкты

Ак үйдүн алдына камакка алынган депутат Бакытбек Жетигеновдун тарапташтары митингге чыкты. Алар Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын Бакытбек Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылып жатышат.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары Жетигеновго карата кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чыгара алышкан эмес. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Канат Исаевдин айтымында, жыйынга анын жактоочулары келбей калган. Ал эми ошол эле жыйында эки депутат – Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу маселеси боюнча чечим чыгарып, аларды камактан бошотуу боюнча чечим кабыл алышкан. Эки депутат эртеси эркиндикке чыккан. Ал эми Жетигенов боюнча бүгүн каралмак, бирок депутаттардын жыйыны 22-декабрга жылды.