Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Исатбек кызы бир тууган эжесинин колунан ажал тапкан 7 жаштагы кыз боюнча бир дагы аткаминер үн катпаганына нааразы болду.
«Мындан 2 күн мурун өлкөдө ойго келбеген жаман иш болду. 7 жашар кыз бир тууган 14 жаштагы эжесинин колунан өлүм таап жатат. Бул кыргыз эли үчүн коңгуроо болушу керек. Бирок 2 күндөн бери соцблокту тейлеген аткаминерлер, өкмөт тараптан эч ким үн каткан жок. Ошондон улам жүрөгүң түшөт экен. «Биз келечек муунга кандай тарбия берип жатабыз?» деген ой келет экен«,- деди депутат.
Буга ИИМ министринин биринчи орун басары тергөөнүн сыры бар экенин айтты. «Кыз өспүрүм болгондуктан, ал тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүгө тыюу салганбыз. Тергөө иштери аяктагандан кийин толук маалымат беребиз. Экспертиза даяр, далилдер бар, тергөө уланууда», — деди ал.










