Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова 25–26-май күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен биргеликте Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында делегация район аймагында ишке ашырылып жаткан пилоттук айыл чарба долбоорлору, билим берүү мекемелериндеги экологиялык демилгелер жана таза суу боюнча иш-чаралар менен жеринен таанышып, жергиликтүү тургундар жана жетекчилер менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле тарыхый-маданий жайларга жана жаштардын чыгармачылык иш-чараларына катышты.
Мындан тышкары, райондук мамлекеттик администрацияда болгон жыйында аймактагы актуалдуу маселелер, алардын чечүү жолдору жана эл аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Жыйынтыгында пилоттук долбоорлорду башка аймактарга да жайылтуу жана жергиликтүү демилгелерди колдоо багытында бир катар сунуштар иштелип чыкты.










