Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош шаарындагы Мамадали Курбанов атындагы мектептин Акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты.
«Жаш бүтүрүүчүлөргө жаркын келечек, өзүнө болгон ишеним жана чоң жетишкендиктерди кааладык. Айрыкча ыраазычылык сөзүбүздү ушул жаштарды тарбиялап, билим берип өстүргөн урматтуу мугалимдерге жана мээримин аябай колдогон ата-энелерге айткыбыз келет. Ар бир бүтүрүүчү өз жолун таап, коомго пайдалуу инсан болуп өссүн»,- деп жазды эл өкүлү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram






